Акыркы сутканын ичинде өлкөнүн аймагында COVID-19 илдетинен 4 адам каза тапты. Алардын ичинен үчөө Бишкек шаарында, бири Чүй облусунда катталган.
Республикалык ыкчам штабдын маалыматы боюнча, Кыргызстанда коронавирус менен пневмониянын кесепетинен жалпы 1544 адам көз жумган.
Мындан тышкары, 16-апрелге караган суткада Кыргызстандын аймагында дагы 230 адам коронавирус жана пневмония менен катталды. Бул тууралуу Саламттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Жаңы катталгандар:
– Бишкек шаарында 131 адам;
– Чүй облусунда 70 адам;
– Ысык-Көл облусунда 12 адам;
– Жалал-Абад облусунда 4 адам ;
– Нарын облусунда 4 адам;
– Ош шаарында 3 адам;
– Ош облусунда 3 адам;
– Баткен облусунда 2 адам;
– Талас облусунда 1 адам.
Муну менен Кыргызстанда жалпы 91 374 адамга коронавирус жукту.