“Элдик медицина боюнча түшүнүгүм жок. Бирок, дүйнөдө таанылган жалпы эл аралык стандарт бар, биздин министр аны акырындык менен ошонун талабына өткөрсө керек”. Мындай пикирин мурдагы Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев “Элдик Медига” билдирди.

Анын айтымында, уу коргошунду дүйнөлүк деңгээлге алып чыгып жаткандыктан, дары бардык эл аралык стандартка жооп бериши керек.

“Мен салттуу медицинанын өкүлүмүн, медициналык институтту аяктагам, ошол эле багыт боюнча практикамды уланттым. Элдик медицина боюнча түшүнүгүм жок. Бирок ошого карабастан, дүйнөлүк бир курал бар. Мамлекеттик деңгээлде, дары-дармектин чыгарылышы боюнча, атайын эл аралык стандартка туура келүүчү эреже болушу зарыл. Менин оюмда министр акырындык менен ошол багытта иш алып барса керек. Анткени, өзү деле кайра-кайра мен профессор, илимпозмун деп жатканына караганда, ойлоп жатам, кабыл алынган бардык стандартты, текшерүүлөрдү, анализдерди эске алса керек деген ойдомун”, -деп билдирди Батыралиев.

Белгилей кетсек, бүгүн 16-апрелде Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавируска каршы бирден бир даба уу коргошун экенин айтып, аны калкка кеңири түрдө бере баштаганда илдет токтойт деп баса белгилеген.

 

 

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: