Россиялык “Спутник V” вакцинасынын 1 миллион дозасын алуу келишими түзүлдү. Мындай маалыматты Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, жакын аралыкта анын 30 миң дозасы келери күтүлүп жаткандыгын кошумчалады. “Келишим ушул дүйшөмбүдө түзүлгөн. Ал үчүн юристибиз Россияга барып келди. Ал үчүн өкмөт бизге 214 млн сом бөлүп берди. Азырынча бир же эки миллион доза алып, жарандарыбызды эмдесек, анда калкыбыздын 70 пайызында иммунитет пайда болот”, – дейт Бейшеналиев.

Ошол эле учурда, Алымкадыр Бейшеналиев өлкө аймагында акыркы күндөрү коронавируска кабылгандардын саны өсүп жатканын белгиледи.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: