Кыргызстанда дарыгерлер коронавирусту эки-үч күндө айыктыруунун жолун табышты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев 24.kg маалымат агенттигине билдирди. Анын айтымында, дарыгерлер бейтаптарды уу коргошун менен дарылайт.
«Аралашманы өзүм даярдайм. Ден-соолукка эч кандай зыяны жок. Ысык ичүү керек, эки-үч күндүн ичинде оору жоголуп ПЦР анализдери терс чыгып, адам ошол замат жакшы болуп калат. Бул какырык чыгаруучу зат, ага кошумча кант түшөт. Ар бир дарыгер бейтапка жоопкерчилик алат, эритмени ысык ичип жатканда жанында карап отурат. Мен өзүм дагы ичем. Эгерде журналисттер келсе, мен ичип, зыяны жок экендигин көрсөтө алам», – деди чиновник. Ал COVID-19 оорусунун көбөйгөндүгүн белгиледи.
«Үчүнчү толкун келе жатат, шайлоодон кийин көп адамдар ооруйт. Аларды жоготуп албоо үчүн биз ушул кадамга бардык. Экинчи толкун учурунда дагы уу коргошун менен дарылаганбыз, бирок ал жөнүндө айткан эмеспиз. Болбосо, ниети жаман адамдар абдан чоң нерселерди чыгарышат …Азыр мен тууралуу ар нерсени жазып жатышат ”, – деп мойнуна алды Алымкадыр Бейшеналиев.
Ал уу коргошундун пайдасы далилденген деп ишендирди.

Макала жактыбы?

НетДа
0
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: