Ташиев Матраимовдун абактан чыгышы боюнча түшүндүрмө берди (Видео)

144
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев коррупцияга айыпталып камалган Райымбек Матраимовдун абактан чыгышы боюнча түшүндүрмө берди.
” “Азаттыктын” жана журналист Али Токтакуновдун иликтөөсүнүн негизинде бизге “Матраимовдун чет жактарда мүлкү бар, ошону караган жоксуңар” деген дооматтар айтылган. Биз аны качып кетпесин деп камоого алдык. КМШга кирген өлкөлөргө, Кытайга, Түркияга, Араб Эмираттарына жана башка мамлекеттерге суроо-өтүнүч жиберип, Райымбек Матраимовго таандык мүлк бар-жогун аныктоого көмөктөшүүнү суранганбыз. Ал өлкөлөрдүн баарынан бизге “Райымбек Матраимовго жана анын жакындарына таандык бир да мүлкү жок” деген маалыматтар келди. Ошондон кийин гана биз ишти токтотуп, аны чыгарууга мажбур болдук”,– дейт Ташиев.
Булак: “Азаттык”

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь