2020-жылы болгон тез жардам жана жүк ташуучу автоунаанын катышуусундагы кырсык боюнча соттук иш жүрүүдө. Буга чейин Свердлов райондук соту тез жардамдын айдоочусун күнөөлүү кылып чыгарган. Бул чечимге макул эместигин билдирген тез жардамдын айдоочусу Бейшеналиев Самат, сот акыйкаттыгын издейт. Тез жардамдын айдоочусунун айтымында сот адилеттүү каралбай жатат.

“Мен кесилиштен өтүп жатканда сиренам иштеп турган, алдымдагы автоунаалар жол бошотуп берип эле жатышкан. Так, эки жолдун кесилишнен өтүп жатканда мени Камаз келип сүздү. Мен 10 жылдан бери тез жардам унаасын айдайм. Тажрыйбам жетишээрлик эле.” –дейт самат Бейшеналиев.

Сот улам жылдырылып, эми бол жолкусу 27-апрелге жылып отурат. Самат Бейшенилевдин агасы Талант Бейшеналиев да бул иш адилеттүү каралбай жатканын айтат. Себеби иштин башталышында эле тергөөчүлөр жүк ташуучу унаанын айдоочусу тарапка тартып жатышкан дейт.

“ Оозу кыйшык болсо да байдын уулу сүйлөсүн болуп жатат бул жакта. Тигил Камазды айдап бара жаткан бала 19-20 жаштагы жаш бала экен, анын жол эрежелерин толук билишине деле ишеним жок” – дейт Талант Бейшеналиев.

Эскерте кетсек 2020-жылы Бишкек шаарындагы Орозбеков жана Ленинградская көчөлөрүнүн кесилишинде тез жардам унаасы менен Камаз үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа кагышкан. Натыйжада тез жардам унаасынын ичиндеги эки фельдшер жана айдоочу баштарынан жаракаттарды алышкан. Фельдшердин бири оор абалда реанимацияга жаткан. Арадан бир жылча убакыт өтсө да бул иш боюнча сот иши аяктабай келет.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: