Бишкек шаардык мэриясына караштуу түзүмдүк бөлүмдүн кызматкерлеринин жана шаардык кеңештин депутатынын ири долбоорлорду ишке ашыруу шылтоосу менен 43 млн сомдон ашык бюджеттик акчаны өз чөнтөгүнө жумшап койгону аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматы билдирди.

УКМК Бишкек шаардык кеңешинин жана Бишкек шаардык мэриясынын жооптуу кызматкерлеринин үстүнөн Жазык кодексинин 205-беренесинин 3-бөлүмү (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) менен сотко чейинки өндүрүш ишин козгогон.

«Такталгандай, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты жана Бишкек шаардык мэриясынын кызмат адамдары бюджеттик акчаларды үгүт иштерине жана жеке кызыкчылыктарына жумшоо максатында Бишкек шаарынын мэриясынын 2020-жылдын 8-июнундагы «Бишкек шаарында жарандык демилгелердин долбоорлорун ишке ашыруу тартиби жөнүндө» убактылуу жобону бекитүү жөнүндө» токтомун кабыл алуу менен бюджеттик каражаттарды эсептен чыгаруу боюнча 2020-жылдагы парламенттик шайлоонун алдында мыйзамсыз механизм түзүшкөн.

Ошол эле учурда жарандык долбоорлор жалаң гана БШКнын жана Бишкек шаарынын мэриясынын жооптуу кызматкерлеринин демилгеси менен ишке ашырылып, натыйжада 43 миллион сомдон ашык бюджеттик акчаны мыйзамсыз ыйгарып алышкан.

Ошондой эле долбоорлор Бишкек шаарынын мэриясы эмес, түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан ишке ашырылган.

Учурда тиешелүү ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат деп айтылат маалыматта.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: