Баткендеги массалык мушташтан кийин мектептерде түшүндүрүү иштери күчөтүлдү (ФОТО-ВИДЕО)

158

Баткенде мектеп окуучулары арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИББнан билдиришти.

Эскерте кетсек, кечээ 16-апрелде социалдык тармакта Баткен облусунун Кара-Бак айылынын Бото Нарматов атындагы орто мектебинин окуучулары арасында массалык мушташ болгондугу тууралуу видео тараган. Анда айрым маалыматтар боюнча 10-класстын балдары 8-класттын балдары менен мушташып, 8-класстын 3 окуучусу ооруканага жатып, абалдары оор экендиги айтылган.

Кийинчерээк, массалык мушташ тууралуу фактыны жергиликтүү бийлик жана милиция тастыкташкан. Ошондон кийин, облус мектептеринде милиция, айыл аксакалдары, педагогикалык курам мектеп окуучулары арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Ал эми Бото Нарматов атындагы орто мектебинин окуучулары арасындагы окуя боюнча Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-беренеси (“ээнбаштык”) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь