Кадр кызматынын жетекчиси Камчыбек Ташиевге жардам сурап кайрылды

566

Аттестациядан өтпөй калган акимдер жана алардын орун басарлары Мамлекеттик кадр кызматынын жетекчиси Абдырахман Маматалиевди социалдык тармакта жамандоого өтүштү. Мындай пикирин Абдырахман Маматалиев өзү Фейсбук баракчасына жазып, жагдайды териштирип берүү үчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевге кат менен кайрылган.

Президенттин “Жаңы кадрдык саясат” боюнча тапшырмасына ылайык жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн жетекчилерин жана алардын орун басарларын аттестациядан өткөрүү иш чарасы аяктаган. Анын жыйынтыгы боюнча 120 чиновниктин ичинен 36 жетекчи кайра кызматына илешпей калган болчу.

Мен ушул комиссиянын төрагасы катары аттестацияга байланыштуу түрдүү маанидеги маалыматтар коомчулукка тарап жаткандыгына кайдыгер карай албаймын. Аттестациянын өткөрүлүшү боюнча маалыматтардын, айрыкча мыйзам бузуулар болгондугу жөнүндө билдирүүлөрдүн чын же төгүн экендигин билүүгө кызыкдармын. Ошондуктан Мен Мамлекеттик кадр кызматынын кызматчылары тарабынан тестирлөө жана башка аттестациялоо процедураларын өткөрүүдө мыйзам бузуулар орун алдыбы, комиссия мүчөлөрү тарабынан кандайдыр кызыкчылыктарды ишке ашырган фактылар болдубу, ушул маселени изилдеп, аныктап берүүнү өтүнүп, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Кыдыршаевич Ташиевге расмий кат менен кайрылдым.”, – деп билдирген Маматалиев.

Комментарии

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь