Кыргыз-казак чек ара тилкесинде чек араны бузуу фактылары катталган эмес

110

Бир-эки күн мурда социалдык тармакта Аламүдүн районунун Грозд айылынын жанындагы Чу дарыясынын жээгинде «Чекиш-Ата» жоопкерчилиги чектелген коому кыргыз-казак чек ара тилкесинде мыйзамсыз иштерди аткарып жатат,- деген маалымат тараган. Анда, “Чекиш -Ата” коому кыргыз-казак чек арасына жакын аймакта кум-шагыл казып алуу карьеринде мыйзамсыз иштерди жүргүзүп, анын кесепетинен карьерде көлмө пайда болуп, ал күн сайын кеңейип жаткандыгы айтылган. Буга байланыштуу УКМКнын Чек ара кызматы Грозд айылындагы иштер боюнча түшүндүрмө берди.

Анда, Чек ара кызматы кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесинде чек ара режимин жана мамлекеттик чек араны бузуу фактылары катталбагандыгын маалымдаган. Ошондой эле, «Чекиш-Ата» жоопкерчилиги чектелген коому жүргүзүп жаткан иштер республиканын чек ара мыйзамын бузбай тургандыгы айтылып, чек ара сызыгы бул участокто Чу дарыясынын ортосу менен өтөөрү кабарланган.

Аны менен бирге Чек ара кызматы чарбалык иштерди жүргүзүүгө уруксат берилген кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги чек арага канатташ аймактардагы абалга көзөмөл жүргүзүп келери кошумчаланган.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь