Милициянын кайгул кызматкерлери жоголуп кеткен 4 жаштагы кызды тез арада таап беришти

170

Борбор калаада милиция кызматкерлери адашып жүргөн кичинекей кызды таап, үйүнө жеткирип бергендиги тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Анда, кечээ, 16-апрелде Бишкек ШИИББнин “102” кызматына болжол менен саат 18:50 чамасында “Рухий Мурас” жаңы конушунан кичинекей кыз жоголду деген маалымат келип түшкөн. Маалымат келер замат милициянын кайгуул кызматкерлери жерине барып, маалыматты тактаганда С.Г. аттуу айым 4 жаштагы  К.М. аттуу кичинекей кызы үйүнөн ойноп чыгып кеткен бойдон дайынсыз экендигин кабарлап кайгуул кызматкерлеринен жардам сурап кайрылган.

Жыйынтыгында, чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, аз убакыттын ичинде адашып жүргөн кичинекей кызды таап, апасына дени-сак жеткирип беришкен.

Кызынын табылганына сүйүнгөн апасы милициянын кайгуул кызматынын ыкчам аракетине рахматын айтып ыраазычылык билдиргендиги кошумчаланат маалыматта.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь