Активист Алымкадыр Бейшеналиевди кылмыш жообуна тартууну өтүнүп УКМКга арыз жазды

136
Активист Умай Арыкова саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиевди кылмыш жообуна тартууну өтүнүп Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке арыз жазды. Бул тууралуу 19-апрелде “Азаттыкка” билдирген активист, Бейшеналиевдин коронавирусту уулуу чөп менен дарылоо тууралуу чакырыгы улуттук коопсуздукка кесепетин тийгизерин белгиледи.
Арыкова ушундай эле арызды үч күн мурун Башкы прокуратурага да жолдогон. Ал министрдин аракетине Жазык кодексининин бир канча беренеси менен, анын ичинде “Саламаттыкка атайлап зыян келтирүү” беренеси менен баа берүү керек деп эсептейт.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь