Акыркы бир сутка ичинде өлкөдө коронавирус жана пневмония оорусунан 6 адам каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, коронавирустан каза болгондордун ичинен 4 адам Чүйдө, 2 адам Бишкек шаарында катталган.
Мындан тышкары, сутка ичинде коронавирус аныкталгандар:
Бишкек – 152
Ош – 4
Чүй облусу – 22
Ош облусу – 2
Талас облусу – 0
Нарын облусу – 12
Ысык-Көл облусу – 18
Жалал-Абад облусу – 2
Баткен облусу – 0