Базар баалары асманды чапчыды. Баалар дагы кайда учат? (Таблица)

223

Өлкө экономикалык кризиске кептелди. Анын натыйжасында базар баасы асманды чапчып, карапайым элдин тынсыздануусун жаратты. Экономикалык кризистин келип чыгуу себебинин бир нече фактору бар. Алардын бири – Коронавирус пандемиясы.

Анын жыйынтыгында бир гана жергиликтүү экономика жабыркабастан, каатчылык дүйнө жүзүндө пайда болгон экономикалык кубулушка айланды. Себеби, өндүрүм азайды, ошол эле учурда суроо-талап жогорулады. Чек аралар жабылып, импорт жана экспорттун көлөмү басаңдады.

Экинчи фактор бул – өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаал. Пандемия маалында октябрь окуясы болду. Андан улам коомдук-саясий кырдаал бир калыпта болбой, өлкөдөгү ички жана сырткы инвесторлордун кооптонуусун пайда кылды.

Акыркы убакта Кыргызстанда айрым азык-түлүк продукциясына болгон баалар 100%дан дагы жогорулап кетти. Азык-түлүктөн сырткары, дүйнөлүк валюта катары эсептелген доллардын куну көтөрүлүп, күйүүчү майлоочу майларга болгон баа кескин жогору көздөй секирик таштады. Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин берген маалыматына караганда, акыркы бир жума ичинде эле буудай – 1,2%, сүт – 3,2%, өсүмдүк майы – 2,8%, канаттуулар эти – 2,2%, картофель – 1,2%, помидор – 1,9 %, жергиликтүү алма – 13,5% жана импорттолгон алмага болгон баалар – 19,3%га көтөрүлүп кеткен.

Төмөндө 2019-2020-жылдын декабрь жана 2021-жылдын 14-апрелине чейин болгон базар бааларынын өзгөрүлүшү тууралуу таблицаны сунуштайбыз:

Ред: Акыркы баалар КР өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинен алынган маалыматтар:

Азык-түлүктүн аталышы  2019-жыл

декабрь

 

Баасы

2020-жыл

декабрь

 

Баасы

2021-жыл

апрель

 

Баасы

2019-жылга салыштырмалуу айырма

(Сом менен)

1 Бензин АИ92 (литр) 32,63 40,7 47,90 15,27
2 Уй эти (кг) 350 470 434 84
3 Өсүмдүк майы (литр) 80 135 151 71
4 Күрүч (кг) 50 75 75 25
5 Шекер (кг) 49 60 57 8
6 Ун жогорку сорт (мешок) 1800 2200 2422 622
7 Жумуртка (шт) 6 11 11 5
8 Гречка (кг) 33 70 70 37
9 Макарондук азыктар (кг) 35 44 50 15
10 Картофель (кг) 12 28 32,5 20,5
11 Пияз (кг) 12 18 20  8
12 Буурчак (кг) 22 38 45 23
13 Чай (кг) 51 70 75 24
14 Доллар (США) 76,4 84,75 84,90 8,5
15 Рубль 1,098 1,13 1,15 0,052
16 Токтогул суу сактагычыдагы суунун көлөмү 12 млрд 447 млн куб 9 млрд

541 млн куб

8 млрд

596 млн

куб

Болжолдуу 4 млрд куб сууга аз

 

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь