“НДПК” партиясы шайлоодон четтетилди

538
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы НДПК партиясын шаардык кеңешке мандат үчүн жарыштан чыгарууну чечти.
Чечимде 11-апрелде, шайлоо күнү Айбек аттуу адам ушул партияга добуш бергендерге 100 сомдон таратып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөнү айтылат. Ошол эле күнү Ю.Берналиев менен Э.Абдыкадыров №29 мектептин жанынан кармалган (No 1208 УШК). Алар Биринчи май РИИБдин кызматкерлерине 2 миң сом берген. Берналиевден 18 миң 799 сом алынган. Тергөөдө Э.Абдыкадыров менен партиянын талапкерлеринин биринин ортосундагы байланыш аныкталды.
АШК партиянын добуш сатып алууга тиешеси бар деп чечим чыгарган. Саясий уюм өзү бул чечимди негизсиз деп атап, сотко кайрылууну көздөп жатат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь