Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Бердымухамедовго атасынын каза болгонуна байланыштуу көңүл айтты

147

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедовго атасынын каза болгонуна байланыштуу көңүл айтты.

«Атаңыз Мяликгулы Бердымухамедовичтин дүйнөдөн мезгилсиз кайткандыгы тууралуу суук кабарды кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сизге жана боордош Түркмөнстан элине көңүл айтуу менен орду толгус жоготуу азасын тең бөлүшөм», — деп айтылат Мамлекет башчысынын кайрылуусунда.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь