Сүрөткө түшүүнү каалашкан. Атасы кызы менен бирге шаркыратмага кулап кетти (Видео)

1 868

Интернет желесинде шаркыратманын жанындагы өзөндүн күчтүү агымы, эркек кишини кичинекей бала менен агызып бара жатканы түшүрүлгөн видео тарады.

Кадрларда кишинин баланы көкүрөгүнө кысып, суунун ортосунда ташка жабышканы байкалат.

Маалыматка ылайык, окуя Казакстандын Акмола облусунда катталган.

Көрсө, атасы шаркыратманын алдында кызы менен сүрөткө түшүүнү каалаган. Апасы жана анын айланасындагы адамдар аны оюнан кайтарууга аракет кылышкан, бирок натыйжа болгон эмес. Сүрөткө түшүү учурунда кыз таштан кулап кетип, атасы анын артынан секирген.

Экөө тең суудан чыгарылып аман калганы айтылды.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от 🄽🄴🅆🅂 Новости Кокшетау (@kokshetauasia)

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь