Башкы прокурор коррупцияга “белчесинен баткан” алдыңкы беш органды атап берди. Сап башында Мамлекеттик каттоо кызматы…

216

2020-жылдын жыйынтыгы менен коррупция эң көп катталган мамлекеттик орган – бул Мамлекеттик калкты каттоо кызматы экени аныкталган. Бул маалыматты Жогорку Кеңештин конституциялык маселелер, мамлекеттик түзүм жана соттук-укуктук маселелер боюнча комитетинин жыйынында башкы прокурор Курманкул Зулушев ачыктады.

Зулушевдин айтымында, мамлекеттик структуралардагы коррупция фактысы боюнча жыл ичинде 42 кылмыш иши козголгон. Анын ичинен жетөөсүн прокуратура органдары, 32 – Улуттук коопсуздуктун мамлекеттик комитети, 3 – Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы иликтеген. Анда алынган маалыматтар боюнча эң көп мыйзам бузуу фактысы Мамлекеттик калкты каттоо кызматында катталгандыгы белгилүү болгон. Андан кийинки орунда – Транспорт жана жол министрлиги, Ички иштер министрлиги Билим берүү министрлиги жана алдыңкы бешилтикти Социалдык өнүктүрүү министрлиги камсыз кыла алган.

“Бул органдар жарандар менен түздөн-түз иштеп, аларды тейлешет. Ошондуктан коррупциялык схемаларды ишке ашыруу мүмкүнчүлүк жогору”, – деп кошумчалаган Башкы прокурор Курманкул Зулушев.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь