Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы буга чейин Бишкектин элиталуу районундагы эки кабаттуу үйдүн Таалайбек Сарыбашевге эч кандай тиешеси жок деп билдирген.
Бирок “Temirov LIVE” ютуб каналы жаңы иликтөөсүн жарыялады.
“Кийин белгилүү болгондой, мэриянын кызматкерлери жалган айткан. Хан сарай түштүк борбордун башчысынын жээнине катталган”,- деп жазат аталган канал.