Жергиликтүү шайлоого катышкан 4 партиянын мүчөлөрү “Эмгек” партиясына карата шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарууну талап кылышууда. Бул тууралуу “Бирге-Вместе” партиясынын лидери Кайрат Чокеев Vesti.kg сайтына берген маегинде билдирген. Анын айтымында, “Эмгек” партиясынын мүчөлөрү добуш топтоо үчүн “резина батир” ыкмасын колдонушкан.
“Эки күн мурун эле биз бул саясий уюмдун одоно мыйзам бузгандыгы тууралуу өз булактарыбыздан билгенбиз”, – деген Чокеев маектинжүрүшүндө. “Эмгек” партиясы 7 миң добушка ээ болду. Бирок, добуштардын дээрлик жарымы башка шайлоо округдарынын жарандарына таандык. “Эмгек” партиясынын мүчөлөрү үйлөрүнө 100-150 адамды каттатышты. Талапкерлердин үйлөрүн кошкондо 28 үйдөн гана алар ушул каттоолордун эсебинен 3 миңге жакын добуш алышкан. Болжол менен алар №2 форманын ордун табышты – бул “резина батирлер”, – дейт партлидер.
Анын айтымында, “Эмгек” партиясынын мүчөлөрү административдик ресурсту дагы колдонушкан.