Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жубайы Мария Айтматова каза болду. Бул тууралуу Ассоль Молдокматова Чыңгыз Айтматовдун үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, Фейсбук баракчасына пост калтырган.
“Чыңгыз Айтматовдун үй-бүлөсүнө залкар жазуучунун жубайы Мария Урматовна Айтматованын дүйнөдөн кайтыш болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам. Жаткан жери жайлуу болсун”, – деп билдирүү калтырган Молдокматова.
Мария Айтматова 79 жашта болгон. Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов экөөнүн ортосунда Ширин жана Элдар аттуу балдары бар.