Чүй милициясы Кеминде мал уурулукка шектүүлөрдү кармады (ВИДЕО)

109

2021-жылдын 17-апрель күнү Кемин районунун Кара-Булак айылында мал уурдоо фактысы катталгандыгы тууралуу милициянын аймактык тескөөчүсүнө маалымат келип түшкөн. Бул маалыматтын негизинде милиция кызматкерлери дароо окуя болгон дарекке чыгышкан. Териштирүү учурунда, жергиликтүү жашоочунун сарайына белгисиз бирөөлөр киришип, 2 баш музоосун уурдашып, дагы майда мал жандыктарын уурдоого аракет кылып жаткан учурда үй ээсин байкап калышып, белгисиз автоунаа менен из жашырып кетишкени маалым болгон.
Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы кылмышка шектүүлөрдү изи сууй электе колго түшүрүү максатында ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Кызматкерлер автоунаанын изине түшүшүп, көп убакыт өтпөй айылга жакын жайгашкан талаадан автоунаа табылып, уурдалган музоолор унаанын багажнигинен алынган.
Кылмышка шектүү жарандар таксиге отурушуп, Бишкек шаарын көздөй качууга аракет кылышып, бирок, Кемин РИИБдүн кызматкерлери тарабынан кармалышкан. Алар 1983-жылы туулган А.Н. жана 1985-жылы туулган Б.К. аттуу жарандар болушкан.
Териштирүү маалында кармалган жарандардын Жайыл, Москва, Аламүдүн, Токтогул райондорунан жана Талас, Ысык-Көл облустарында мал уурулук боюнча 12 кылмыш фактысына катыштыгы бар экендиги аныкталган. Шектүү жарандар көбүнчө түнкүсүн бодо балдарды уурдап жүргөндүгү маалым болгон.
Кылмышка шектүүлөр Кемин РИИБдүн убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Учурда кармалган жарандардын дагы башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жок экендиги боюнча ыкчам тергөө иш-амалдары жүргүзүлүүдө.
Сотко чейинки өндүрүш иштери алынтылууда.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь