Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Бишкекте бир катар майрамдык иш чаралар өтпөй турган болду

120

Бишкек шаардык мэриясынын маалыматы боюнча 29-апрель шаар күнү жана 9-майга арналган массалык майрамдоо иш чаралары өткөрүлбөйт. Мындай чечим коронавирус пандемиясынан улам түзүлгөн эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу болгондугу маалым болду.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарында пандемия башталгандан бери коронавирустун 32 649 учуру катталган. Ал эми өткөн суткада Бишкек боюнча жаңы 117 учуру аныкталгандыгын Республикалык штаб маалымдаган болчу. Учурда өлкөдө катталган жаңы учурлардын басымдуу бөлүгү борбор калаага туура келет.

Ошондон улам  мэрия калаалыктарды санитардык эрежелерди так сактап, көчөгө чыкканда беткап тагынып, колду атайын спирт менен сүртүп турууну өтүнөт.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь