Интернет айдыңында темир жол кызматкери рельстен кулап кеткен баланы куткаруу үчүн өз өмүрүн тобокелге салып жаткан учурундагы видео тарады. Ал кишинин тайманбастыгы интернет колдонуучуларына таасир калтыруда.

Окуя Индиянын Мумбай шаарындагы Вангани станциясында болгон деп билдирди “indianexpress.com.” басылмасы.

Апасы менен бараткан бала кокустан рельске кулайт. Ошол учурда темир жол линиясы менен поезд келе жаткан.
Темир жол станциясынын кызматкери Маюр Шалхе баланы куткаруу үчүн чуркайт. Поезд жакындаганга чейин бир нече секунд калганда, эркек киши перрондогу баланы көтөрүп чыгууга үлгүрөт.

Видео интернетке жарыялангандан кийин интернет колдонуучулар Шалхени заманбап баатыр деп атап, анын эрдиги үчүн ага сыйлык берүүнү сунушташты.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: