«COVAX» программасы Кыргызстанга COVID-19га каршы эмдөө шаймандарын алып келди

413

Өлкөгө 423 миң даана шприц жана пайдаланылган ийнелерди жок кыла турган 3 825 даана кутуча келди. Анын бардыгы коронавирустук инфекцияга каршы эмдөөдө колдонулат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Ал коронавирус илдетине каршы эмдөө жүргүзүү алкагындагы глобалдык жардамдын биринчи партиясы болгондугун кошумчалашты министрликтен.

ГАВИ, ВОЗ, CEPI жана ЮНИСЕФ вакциналар альянсы башында турган «COVAX» уюмунун алкагында дүйнө жүзүндө бул демилге өндүрүүчүлөр жана өнөктөштөр менен биргеликте COVID-19 вакциналарын сатып алуу, ошондой эле ташып жеткирүү, логистика жана сактоо боюнча иштешет. Жардамды андан ары таркатуу жана пайдалануу боюнча бардык чыгым Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине жүктөлгөн.

Белгилей кетсек, республикада коронавируска каршы эмдөө 29-мартта Кытайдын «SinoPharm» вакцинасы менен башталган. Кытай Кыргызстанга 75 миң адамга эсептелген 150 миң доза вакцина жөнөткөндүбү маалым. Ошол эле учурда, Кыргызстан Россиядан 1 млн доза «Спутник V» вакцинасын алуу боюнча келишим түзүлгөндүгүн Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымдаган. Ал үчүн Москвага министрликтин юристи барып-келгендиги кошумчаланган.

Комментарии

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь