Бүгүн 306 адамдан коронавирус илдети аныкталды

95

Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде 306 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Аймактар боюнча караганда, Бишкек шаарында 203 учур, Ош шаарында — 5, Чүй облусунда — 52, Ош облусунда — 11, Талас облусунда — 1, Нарын жергесинде — 4, Ысык-Көлдө — 16, Жалал-Абад облусунда — 10, Баткен облусунда — 4 учур катталды.

Өлкөдө коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 92 миң 626га жетти.

COVID-19 вирусунан акыркы бир суткада төрт адам каза болду. Пандемия башталгандан бери бул илдеттен көз жумгандар 1561 адам.

Бир сутка ичинде 161 жаран сакайып, оорудан айыккандар жалпы 87 390го жетти. 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь