Депутаттар биринчи окуудан Ысык-Көлдө кумар оюндарын жандандырууну колдошту

105

Эл өкүлдөрү бүгүнкү, 21-апрелдеги жыйынында Ысык-Көл облусунун аймагында чет элдиктер үчүн гана кумар оюндарын ойной турган комплексти куруу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Долбоорго жыйынга катышкан 91 депутаттын 68и макул, 23ү каршы деп добуш берди.

Аталган мыйзам долбоору буга чейин 6-апрелде Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинде жактырылган. Бул мыйзамга ылайык, «Тамчы» аэропортунун аймагына эс алуучу жай, мейманканасы менен казинолорду куруу пландалган. Мыйзам долбоорунун шарттары боюнча кумарканаларга чет өлкөнүн жарандары, туристтер гана кирип, жергиликтүү жарандар киргизилбейт.

Долбоорду депутаттар Бактыбек Турусбеков менен Дастанбек Жумабеков демилгелеген.

Белгилей кетсек, 2012-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстанда кумар оюндары (казино), оюн автоматтарынын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. Андан сырткары букмекердик контора жана тотализаторлор жабылган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь