Зулушев уу коргошунду өз ыктыяры менен 400 киши ичкенин билдирди

128

Башкы прокурор Курманкул Зулушев уу коргошунду өз ыктыяры менен 400 киши ичкени тууралуу маалыматтар бар экенин билдирди. Ал, бул тууралуу бүгун, 21-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтты.

Анын айтымында, учурда бул боюнча милиция тарабынан тергөө иштери жүрүп жатат.

«Министрге кайрылуу менен эле кылмыш ишин козгобой, кесепеттерине жараша баа берүү керек. Бул боюнча биз министрлик менен текшерүү, сурамжылоо ишин баштадык. Мыйзамдуулугуна карата ишти Ички иштер министрлиги карап жатат. Бизге онлайн бир арыз келип түшкөн, аны министрликке жибердик. Биз алган маалыматтар боюнча уу коргошунду 400 жаран өз макулдугу менен колдонуптур, эч биринен уулануу белгилери катталбаптыр».

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь