“Казинонун “К” деген тамгасы коюлган жок”. Депутат Осмонов кумаркананы ачууга 100 пайыз каршы экенин билдирди (Видео)

1 042

“Козинонун “К” деген тамгасы коюлган жери жок, туура эмес тема коюлду.”. Мындай пикирин депутат Айбек Осмонов журналисттин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, Ысык-Көлдө кумаркананы ачуу боюнча добуш берүүдө туура эмес тема коюлган.

“Биринчиден бул добушка коюлганда Ысык-Көлдөгү оюн зоок боюнча деп, туура эмес тема коюлду. Козинонун “К” деген тамгасы коюлган жери жок. Ошого байланыштуу бир эле мен эмес, мага окшогон жыйырмадан ашык депутат ушундай туура эмес басып алды деп ойлойм. Мындан сырткары мен сүйлөгөндөн кийин ортоңку трибунага чыгып, өзүмдүн пикиримди билдирдим, бир эле мен эмес , бир нече депутаттар туура эмес добуш берип алганыбызды айттым”, -деди эл өкүлү.

Мындан сырткары депутат Айбек Осмонов, 100 пайыз кумарканаларды ачууга каршы экендигин кошумчалады.

Эскерте кетсек, бүгүн 21-апрелде Жогорку Кеңеште Ысык-Көл аймагында кумарканаларды чет элдиктер үчүн ачуу маселеси каралып, ал депутаттардын көпчүлүк добушу менен биринчи окуудан кабыл алынган. Залда жыйынга катышкан 67 депутат “Макул”, 23 эл өкүлү “Каршы” добуш берген.

Видео: “Коом пресс”

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь