Маалымат катчы Оштун мэри Сарыбашевдин эжеси Бишкекте үй салып жаткандыгын ырастады

145
Жакынкы күндөрү “Temirov Live” порталы Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев Бишкекте байлардын шаарчасында “хан сарай” салып жатат деген иликтөөсүн жарыялаган. Буга байланыштуу жергиликтүү басылмалардын бири “Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттиги мэрдин басма сөз катчысы Азамат Апсатаровго кайрылып, комментарий алган.
Басма сөз катчынын маалыматына таянсак, Сарыбашевдин бир тууган эжеси жолдошу менен бир нече жылдан бери ишкерлик менен алектенет. Алар Бишкекте үй салып жатканы чын. Бирок ал видеодо тартылган үй эмес.
“Мындан сырткары, Алай районундагы Гүлчө айылындагы үйдү Таалайбек Сарыбашев бир туугандары менен биргеликте ата конушу катары оңдоп жатат. Ал үй-бүлөнүн ата конушуна болгон сыйы”,- деп билдирген мэрдин басма сөз катчысы.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь