Бүгүн 21-апрелде “Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Мыйзамдын долбоору Жогорку Кеңеште үчүнчү окууда каралды.
Жыйын учурунда Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Омуров Өзгөн району кайсы облуска кирерин так айта албай депутаттан сын укту. ЖК депутаты Сагындык Келдибаев Өзгөн районунда канча училище бар экенине кызыкты. Анда Нурлан Омуров Өзгөн району боюнча так жообу жок экенин айтты.