Министр сунуштаган уу коргошунга уулангандардын абалы туруктуу экендиги айтылды

127

20-апрелде Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун токсикология бөлүмүнө уу коргошунга ууланган деген шек менен эки адам келип түшкөн. Кийинчерээк белгилүү болгондой, алар жубайлар болуп чыккан. Ооруканага түшкөндөр уу коргошунду дары катары көп мөөнөттөн бери колдонуп, кечээ болсо анын өлөмүн (дозасын) көбөйтүшкөнүн билдирген. Тиешелүү дарылоодон кийин алардын жүрөк-кан тамырларынын иштеши калыбына келип, абалы турукташкан, учурда дарыланып жатышат, – дейт Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма-сөз кызматы.

Белгилүү болгондой, ошол эле күнү «Тез жардам» кызматы менен Кардиология жана терапия улуттук борборуна 1958-жылы туулган А.Д. аттуу жаран оор абалда жеткирилген. Ага алдын ала «белгисиз затка ууланган» деген диагноз коюлган. Бейтапты дарылоодон кийин жүрөктүн согушу жана дем алуу калыбына келип, учурда анын абалы туруктуу, интенсивдүү терапия уланууда.

Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунда ууланууну аныктоо максатында лабораториялык-диагностикалык изилдөө жүрүп жатат.

Эске салсак, 16-апрелде Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавируска каршы Уу коргошун же болбосо “Ысык-Көл тамыры” аталышындагы кайнатма тууралуу маалымат жыйын өткөрүп, ал кайнатма коронавирусту дарылоодо жардам бере тургандыгын билдирген.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь