Рыскелди Момбеков: Кумарканаларды ачуу мыйзамы күч менен кабыл алынды

233

Бүгүн, Жогорку Кеңештин жыйынында Ысык-Көлдүн аймагында чет элдиктер үчүн кумарканаларды ачуу боюнча мыйзам долбоору каралып, ал биринчи окуудан жактырылган. Мыйзам долбооруна залдагы 67 “макул” болуп, 23ү “каршы” добушун берген. Бул боюнча депутат Рыскелди Момбеков социалдык тармактарга билдирүү калтырып, мыйзам долбоору күч менен кабыл алынгандыгын ашкере кылган.

Кумарканаларды ачуу мыйзамы күч менен кабыл алынды, урматтуу достор. Ыйык рамазан айында ушул мыйзамды кабыл албасак болот эле. Эки гана жол бар эле, Акүйдүн алкышын ала тургандар арбын болдубу же калың элдин каргышын ала тургандар калың болдубу, элибиз өзү электен өткөрүп алсын эми”, – деп билдирүу калтырган эл өкүлү Момбеков.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь