Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунда нөшөрлөгөн жаан-чачындан улам сел жүрдү.
Бул тууралуу интернет колдонуучулары жеринен кабарлап, видеолор менен бөлүшүүдө. Белгилүү болгондой, Сузакта кокту колоттон түшкөн селден улам, Кыз-Көл айыл аймагына кетчү жолдо унаа каттамы убактылуу токтогон.
Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратып, анда өлкө аймагында 20-22-апрель күндөрү нөшөрлөгөн жаан-чачын күтүлөөрү айтылып, анын кесепетинен тоолуу райондорго кар жаап, сел жүрүү коркунучу бар экени айтылган.