11 жыл мурда Убактылуу өкмөттүн декрети менен мүлкүн алдыргандар эми аны кайтарып алса болобу? Экономика жана финансы министрлиги мыйзам долбоорун сунуштады

563

Экономика жана финансы министрлиги мындан туура 11 жыл мурда улутташтырылган объектилерге байланыштуу мыйзам долбоорун демилгелегендиги маалымдалды. Учурда ал документ коомдук талкууга коюлду.

Эгерде бул документ колдоо таба турган болсо убагында Убактылуу өкмөттүн декрети менен мамлекеттин менчигине өткөн мүлктөр мурдагы ээлерине соттун чечими менен кайтарылып берилиши мүмкүн. Белгилей кетсек, 2010-жылы апрель окуяларынан кийин бийликке келген Убактылуу өкмөт өзүнүн атайын декрети менен өлкө боюнча 47 объектини улутташтырган болчу. Мындай чечим кабыл алынгандан кийин бир нече улутташтырылган объектилердин кожоюндары сотко, тийиштүү органдарга кайрылып, менчигин кайтарып берүү боюнча кайрылуу жасашкан.

Экономика жана финансы министрлигинен билдиргендей, буга чейин мыйзамда “улутташтыруу” деген түшүнүк болгон эмес. Ал эми жаңы сунушталып жаткан документте улутташтырылган мүлктүн кандай учурда кайтарылаары же кайтарылбаса так көрсөтүлгөн.

Убагында Убактылуу өкмөттүн чечими менен “Азия Универсал Банкы”,  Ысык-Көлдөгү “Аврора плюс”, “Каприз”эс алуу жайлары,“Пирамида”телекомпаниясы, Бишкек ликер-арак заводунун 70 пайыз акциясы,  “Мегаком” компаниясы, Ысык-Көл облусундагы жана Бишкектеги жер тилкелери, кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөр ж.б болгон.

Комментарии

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь