Башар аль Асад Сириядагы президенттик шайлоого катыша турган болду

101

Сирия араб республикасынын президенти Башар аль Асад келээрки президенттик шайлоого катыша тургандыгын билдирди. Бул тууралуу «SANA» маалымат агенттиги кабарлады.

Маалым болгондой, Башар аль Асад президенттик жарышка катыша тургандыгын билдирген алтынчы талапкер болду. Президент болууну каалагандардын арасында аял киши дагы бар. Талапкерлерди каттоо 19-апрелде башталган.

Белгилей кетсек, Асад Сирияны 21 жылдан бери башкарып келет. Учурда ал 56 жашта. Анын башкаруу мөөнөтүнүн тең жарымы өлкөдө жарандык согуш менен коштолуп келе жатат.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь