Казакстанда жоогазынды үзгөн жаранга кылмыш иши козголду

188

Казакстандын Шымкент шаарынын тургуну Түркстан аймагынан алты даана жоогазын үзгөнү үчүн кылмыш жообуна тартылат. Бул тууралуу казак басылмаларына шилтеме берүү менен жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты. 

Маалыматка ылайык, ал үзгөн гүл Казакстандын Кызыл китебине киргизилген жоогазындын сейрек кездешүүчү түрү болгон. 

Күзөтчүлөр гүлдү үзгөн адамды жайыттардын биринен кармашып, аны тергөө жайына алып барышкан. Ал эми үзүлгөн гүлдөр экспертизага жөнөтүлүп, жоогазындар “Грейг” түрүнө кирери аныкталды.

Кармалган адамга карата “Өсүмдүктөрдүн же жаныбарлардын сейрек кездешүүчү жана жоголуп бара жаткан түрлөрүнө, алардын бөлүктөрүнө же туундуларына мыйзамсыз мамиле кылуу” боюнча берене менен сотко чейинки тергөө иштери ачылды.

Аталган берененин санкцияларында 8 миллион 751 миң теңге (болжол менен 1 миллион 717 миң 410 сом) айып пул салуу же 800 саатка чейин коомдук жумуштарды жасоого тартуу каралган. Болбосо 3 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигин чектөө, ошондой эле мүлкүн конфискациялоо менен 3 жылдык мөөнөткө эркинен ажыратуу, кайсы бир кызматтарда иштөөгө же беш жылга чейин бир иш менен алектенүүгө тыюу салуу каралган.

Полиция кызматкерлери Казакстандын Кызыл китебине кирген гүлдөрдү сындыргандарга же үзгөндөргө катуу кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгын эскертет”, – деп жазылат маалыматта. 

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь