Кыргызстандагы казино: Мыйзамсыз ишкерчиликпи же миллиондогон салыктарбы?

117

Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары Ысык-Көлдө кумар оюндарын ойноочу атайын аймакты түзүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырышты. Аталган мыйзам долбоорунун демилгечилери Дастанбек Жумабеков жана Бактыбек Турусбековдун сунушуна ылайык, Тамчы айылында чет элдиктер үчүн гана казино ачылат, ал эми кыргызстандыктар ага кире алышпайт. Мындай пикирин фейсбук колдонуучус Турум Мырзабеков жазып чыкты.

Анын айтымында бүткүл дүйнөдө мыйзамдуу казино абдан кирешелүү бизнес болуп саналат.

“Республикада казино уюштурууга 2012-жылдан бери тыюу салынып келатат. 2015-жылы ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн жарлыгы менен казино иштетүүгө кайрадан тыюу салган жана анын тизмесине тотализаторлорду жана букмекердик контораларды кошуп, КРнын мыйзам актыларына жана кодекстерине тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилген.

Эми алты жыл өткөн соң кайра буга кайтып отурабыз. Казино ачуу маселеси экономикалык гана маселе: өлкө ар кандай эсептөөлөргө жараша жыл сайын 10 миллиондон 50 миллион долларга чейин каражат табышы мүмкүн. Казинолор, автоматтык  тотализаторлор, букмекердик конторалар жабылганынан улам ошол жылдары 12 миң адам жумушсуз калган, ишкерчилик болсо белгисиз мөөнөткө көмүскөгө кирип кеткен.

Баса, бүткүл дүйнөдө мыйзамдуу казино абдан кирешелүү бизнес болуп саналат. Мисалы, АКШда Невада штаты эле 900 миллион доллардан ашуун акча табат, ал эми бардык америкалык казинолордун кирешеси жылына 93 миллард долларга чейин жетет.    

Кытайдагы Макао аймагы ачылып иштеп баштаган этапта квартал сайын 190 млн доллардай тапса, 2022 -жылга карата анын кирешеси 53 млрд долларга жетээри болжолдонууда.  

Россиядагы казинолордун ишмердүүлүгү «Красная Поляна», «Приморье», «Сибирская монета» жана «Янтарная» сыяктуу урусат берилген аймактарда гана жүргүзүлөт жана алардын ар бири 100 миллион рублден ашуун салык төгүп турат.

Казино иштетүүгө Грузияда да расмий түрдө уруксат берилген, Adjarabet деген бир эле ири казино жылына 80 млн доллар пайда табат.

Ошондуктан экономикалык жактан алганда, игордук бизнес ар кандай өлкө үчүн абдан пайдалуу. Болгону өзүбүздүн жарандарды гана чектөө үчүн көзөмөл чараларын гана кабыл алышыбыз керек. Мындай чаралар Белоруссияда, Казакстанда жана башка өлкөлөрдө эчак кабыл алынган.  

Жаңы мыйзам долбоорунда казиного акча уттурган  биздин өлкөнүн ар кандай жараны же анын туугандары укук коргоо органдарына кайрыла алаары жана мекеменин ээси аларга уттурган акчанын суммасын кайтарып берүүсү каралган. Мыйзам долбоорунун авторлорунун пикиринде бул казинолордун ээлери үчүн кыргызстандыктарды оюнга тартканы үчүн лицензиясынан ажыратууга тете ишенимдүү бөгөт боло алат.  

Баса, эл аралык тажрийбага ылайык кайсы жерде эс алууну тандаган туристтердин 70%зы иштеп турган казино бар жерлерди артык көрөт. Ал эми Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү көп жагынан туризмге көз каранды. Ошондуктан потенциалдуу туристтердин пикирине кулак төшөөнүн мааниси бар”, -дейт ал.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь