Гүлзат Аалиева камакка алынды

153

Милиция философия илимдеринин кандидаты, доцент Гүлзат Аалиеваны кечээ, 21-апрелде камакка алгандыгы белгилүү болду. Мындай маалыматты Гүлзат Аалиеванын бир тууганы Нурзат Аалиева “Азаттыкка” билдирген.

“Алиева кыргыз элинин маданиятын даңазалаган макалаларды жазат. Мындан тышкары диний ишмерлердин туура эмес иштери тууралуу, аларга каршы постторду да жазып келген. Алар биригип, адвокат жалдап, Гүлзатты сотко беришиптир. 21-апрелде саат 16.00дө милициядан аны суракка чакырышып, ошондон ары камап коюшту. Тергөөчү сот анын бөгөт чарасын аныктагыча, убактылуу кармоочу жайда кармала турганын айтты”, – деген Гүлзат Аалиеванын бир тууганы Нурзат Аалиева.

Гүлзат Аалиева адвокат Аида Абдрахманованын соцтармактардагы посттору аркылуу элди экиге бөлүп жатат деген арызынын негизинде суракка чакырылып, камалганы белгилүү болду.

Адвокат Аалиева ислам динине, Мухаммед пайгамбарга жана мусулмандарга акаарат келтирген билдирүүлөрү үчүн жоопко тартылышы керек деп эсептейт. Буга чейин анын постторуна нааразы болгон ондогон жаран укуктук жардам сурап өзүнө кайрылганын, анын негизинде арыз жазышканын айтууда.

48 жаштагы Гүлзат Аалиева учурда Бишкектеги менчик эки медициналык университетте философиядан сабак берет. Ага чейин 15 жылдай Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында кафедра башчысы болуп иштегендиги айтылат. Ал Манас айтууну Гиннес китебине каттап жатканда маалыматты англис жана орус тилинде дүйнөгө таратып турган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь