Маска кийип жүрүңүз! Кыргызстанда коронавирустун “британиялык штаммы” катталды

159

Кыргызстанда коронавирустун “британиялык” штаммы катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

“Мурдагы штамм чогуу болгондордун арасында 1-2 адамга жукса, “британиялык” штамм бир оорулуудан 3-5 адамга чейин жугушу мумкүн. Бул вирус агрессивдүү. Азыр чараларды көрүп жатабыз, Россиянын вакцинасын тезирээк алып келип, элди эмдөө керек”, – деди министр.

Анын айтымында, азыркы учурда коронавирус аныкталгандардын 50 пайызы “британиялык” штамм болуп саналат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь