“Спутник V” вакцинасынын алгачкы партиясы Бишкекке алып келинди

90

“Манас” эл аралык аэропортуна Россиядан алынган «Спутник V» вакцинасынын 20 миң дозасы алып келинди. Бул тууралуу КР ТИМ маалымдайт.

Ага ылайык, бүгүн, 22-апрелде саат 15:00дө COVID-19га каршы Россиянын эки компоненттүү «Спутник V» вакцинасынын 20 миң дозанын түзгөн биринчи партиясы Бишкекке келди.

Жүктү тосуп алууга өлкөнүн биринчи вице-премьер-министри Артём Новиков жана Россиянын Кыргызстандагы элчиси катышты.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь