“Чулгандуу” Мадамин Каратаев кайра жаңы кызматка дайындалды

449

Саламаттыкты сактоо министринин мурдагы орун басары Мадамин Каратаев Улуттук фтизиатрия борборунун директору болуп дайындалды.

Ал Саламаттыкты сактоо министринин орун басарлык кызматына 2018-жылы дайындалып, 2021-жылдын март айынын соңунда кызматтан алынган.

Мадамин Каратев 2008-жылдары дагы Саламаттыкты сактоо министринин орун басары болуп иштеп, көптөгөн чулгандуу коррупциялык иштерге катыштыгы бар деп коомчулук тарабынан айыпталып жүргөн. Ошону менен бирге убагында кант диабети менен ооругандар үчүн инсулин ийнелерин алуу боюнча тендердик комиссияны жетектеп, атайын ийнелер кийинчерээк жөнөкөй ийнелерге алмаштырылган факты ачыкка чыккан. Анда Каратаев журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, “ийненин алмашып кеткенинен эч ким өлгөн жок да”, – деп жооп бергени коомчулукта кызуу талкууга алынган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь