Ысык-Атада мал багып жүргөн чабан, ээсинин 78 баш коюн уурдап кеткен (Сүрөт)

322

Ысык-Ата районунан 78 баш кой уурдоого шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 18-март күнү Ысык-Ата РИИБнө Ново-Покровка айылынын1963-жылы туулган жашоочусу Д.Ж. арыз менен кайрылып, малчысы көп
сандагы мал жандыктаны уурдап белгисиз тарапка из жашырып кеткенин
билдирген.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз
Ресупбликасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып,
сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн териштирүү уучунда,
2021-жылдын январь айында арыздануучу 20-25 жаш курактагы эркек баланы
малчы кылып жалдап, экөөбү ооз эки түрдө келишим түзүшкөн. Малчы
Ысык-Ата районунун Чоң-Далы айылы тараптагы сарайлардын биринде малдарын
багып жүргөн. Үстүбүздөгү жылдын 13-март күнү ээси малынан кабар алганы
барып, санаган учурда 78 баш кой жок болуп чыккан. Ал бул тууралуу ички
иштер органдарына кайрылган. Ал учурда малчысы белгисиз тарапка из
жашырып кеткени маалым болгон.

Чүй облуснун ИИББнын жана Ысык-Ата РИИБдүн кызматкерлери тарабынан
комплекстүү ыкчам тергөө иш-амалдары жүргүзүлүп, жыйынтыгында жогорудагы
малчы болуп иштеген бала Ош облусунун аймагында жүрүшү мүмкүн деген
ыкчам маалыматтар алынган. Жогорудагы маалыматтын негизинде шектүү
жаранды колго түшүрүү максатында кызматкерлер Ош облусуна чыгышкан.
Чүй облусунун ИИББнын жана Ысык-Ата РИИБдүн криминалдык милиция
кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-амалдырын негизинде
жогорудагы кылмышка шектелип 1993-жылы туулган С.Р. аттуу жаран Ош
шаарындагы көчөлөрдүн биринен кармалган.

Учурда уурдалган малдарды сатып алган жарандын да өздүгү такталган.
Териштирүү учурунда кылмышка шектүү жарандын дагы 5 алдымчылык фактысына
тиешеси бар экендиги такталган. Ал айл тургундарынын ишенимине кирип,
бодо малдарды сатып берүү үчүн алып ошол боюнча из жырып кеткени
аныкталган.

Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь