Акыркы суткада Бишкекте эле 148 адамдан коронавирус аныкталды

112

Акыркы суткада Бишкек шаары боюнча эле 148 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөл боюнча башкы дарыгердин орун басары Айнагүл Рыскулбекова кабарлады.

Сандык көрсөткүч боюнчач боюнча эң көп учур Ленин районунда:

Ленин району боюнча – 46;

-Биринчи май району – 38;

Октябрь району – 31 учур;

Свердлов району – 20.

Ошондой эле, башка аймактардан келгендер арасында илдет жуктуруп алган 14 адам каттоого алынгандыгы кошумчаланды. Клиникалык симптомдору бар 134 адам, ал эми 14 адам симптомсуз кайрылышкан.

Бир суткада стационарларга 34 адам жаткырылып, 114 адам үй шартында дарыланууда.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь