Атактуу хирург Мамбет Мамакеев коронавируска эмдөө алды (СҮРӨТ)

123

Коомдук ишмер, Гиннес рекорддор китебинен орун алган белгилүү хирург Мамбет Мамакеев коронавируска каршы Sputnik V вакцинасы менен эмделди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, россиялык вакцина менен 65 жаштан жогору жана өнөкөт оорулары бар адамдарды эмдөө чечими кабыл алынды. “Калган категориядагы жарандар биринчи этапта кытай вакцинасын алууну улантышат”, – деп кошумчалашты Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнугүү министрлигинен.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь