Бишкек шаарындагы Манас проспектиси менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде “Honda Stpwgn” үлгүсүндөгү унаа “Lexus” унаасы менен сүзүшкөн. Видеодо көрүнүп тургандай, “Honda Stpwgn” унаасы “Lexus” үчүн светофордун жашыл чырагы күйүп турганына карабай, эрежени бузуп жолго чыгып кеткен.
Активисттердин айтымында, кузовунда дал ушул “Honda Stpwgn”дай чаптама сүрөт чапталган унаа буга чейин шаар ичинде бир нече жолу жол эрежесин бузгандыгы байкалган.
Посмотреть эту публикацию в Instagram