БУУ: Аалам кыйроонун алдында турат

182

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антониу Гутерриш дүйнө лидерлерин глобалдык жылуулукка каршы күрөшүүгө чакырганын “РИА Новости” билдирди.

“Акыркы он жыл адамзат тарыхындагы эң ысык мезгилдердин бири болду. Кооптуу парник газдарынын концентрациясы 3 миллион жылдан бери байкалбаган деңгээлге жетти. Дүйнөлүк температура 1,2 градуска көтөрүлүп, кырсыктын босогосуна жакындап калды », – деди Гутерриш климаттык саммит учурунда.

Гутерриш деңиз деңгээлинин көтөрүлүшүн, тропикалык циклондорду жана токойдогу өрттөрдү эскерди.

“Биз кыйроонун алдында турабыз. Кийинки кадамды туура жолго ташташыбыз керек. Лидерлер бардык жерде иш алып барышы керек“, – деди ал.

Климаттык саммит виртуалдык форматта 22-23-апрелде өтөт. Иш-чара АКШ тарабынан уюштурулган. Ага катышууга 40тан ашуун мамлекет башчылары чакырылган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь