Валентина Шевченко Жессика Андраде менен тиктешти. Эртең таймашы болот (ВИДЕО)

168

UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко эртеңки атаандашы Жессика Андраде менен көз караштар таймашынан жүз көрүштү. Американын Флорида штатындагы Жексонвилл шаарында өтүүчү турнирде кыргызстандык Валентина Шевченко чемпиондук наамын коргогону чыга турган болсо Жессика Андраде чемпиондук наамга талапкер катары мушташат.

Беттеш Бишкек убактысы боюнча эртең, 25-апрелде болот.

Белгилей кетсек, Кыргызстандык Валентина Шевченко UFC уюмунун чемпиондук курун 2018-жылы польшалык Жоанна Енджейчикти уткандан кийин тагынган. 2019-жылы америкалык Жессика Айды, Лиз Кармушту, ал эми 2020-жылы америкалык Кэтлин Чукагянды, бразилиялык спортчу Женнифер Майяны утуп, наамын төрт ирет коргоп калган. Ал эми бул жолку атаандашы Жессика Андраде Бразилялык мушкер. Ал эң жеңил салмактын чемпиону болгон. Буга чейин Андраде 29 кармашка чыгып, сегиз ирет жеңилгендиги маалым.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь