Кара-Сууда 4 баланын энеси өзүнө кол салып, асынып алды

251

Кара-Суу районунда төрт баланын энеси өзүнө-өзүкол салып, асынып алган. Бул тууралуу Ош ОИИББнын басма сөз кызматы билдирет.

Анда, кечээ, 22-апрелде болжол менен түшкү саат 13:10до Кара-Суу райондук милициясынын нөөмөт бөлүмүнө Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы Ишкаван айылында белгисиз аял өзүн-өзү асып алгандыгы боюнча маалымат түшкөн. Аталган факт маалыматтардын электрондук журналына катталып, окуя болгон жерге Кара-Суу РИИБдин жетекчилиги жана ыкчам-тергөө тобу барган.

Анда белгилүү болгондой, 2021-жылдын 22-апрелинде саат 12:30дар чамасында Кара-Суу районунун Ишкаван айылынын 32 жаштагы С.К. аттуу тургуну гаражда жоолук менен асынып алгандыгы аныкталган. Маркумдун 33 жаштагы Ж.К. аттуу жолдошу жана жакын туугандары эч кимге арыз-доолору жок экендигин айтып, соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышкан.

Маркум Кара-Суу районунда туулган, үй-бүлөлүү, үч уул, бир кыздын энеси, убактылуу эч жерге иштечү эмес.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь