Кыргызстанда дагы 7 адам COVID-19 илдетинен каза болду. Алардын ичинен төртөө Бишкек шаарында, үчөө Чүй облусунда катталган.
Республикалык ыкчам штабдын бүгүн, 23-апрелдеги маалыматы боюнча, Кыргызстанда жалпы 1573 адам коронавирус менен пневмониянын кесепетинен көз жумду.
Мындан сырткары, өлкө аймагындагы стационарларда 1406 бейтап коронавирус менен пневмониядан дарыланып жатат. Алардын ичинен 16 адам (1,1%) канааттандырарлык, 1004 (71,4%) адам орто оор, 330 (23,4%) адам оор абалда болсо, 56 (3,9%) адам өтө оор абалда.
Республикалык ыкчам штабдын бүгүн, 23-апрелдеги маалыматы боюнча, амбулатордук дарыланууда 1609 бейтап бар.